Россияда оорукананын кычкылтек системасы жарылды: 11 адам каза болду

Ооруканада 71 бейтап дарыланып жаткан.

1688781
Россияда оорукананын кычкылтек системасы жарылды: 11 адам каза болду

Орусиянын Түндүк Осетия-Алания Республикасындагы бир ооруканада кычкылтек түтүгү жарылды.

Реанимация бөлүмүндө коронавируска (Ковид-19) каршы дарыланып жаткан 11 адам кычкылтектин жетишсиздигинен каза болду.

Орусиянын ТАСС маалымат агенттигинин аймактагы саламаттыкты сактоо органдарына таянып берген кабарына караганда, Түндүк Осетия-Алания Республикасынын борбору Владикавказда Ковид-19 бейтаптары дарыланып жаткан ооруканада, жер астынан өткөн кычкылтек түтүгү жарылды.

Себептери азырынча аныктала элек жарылуунун натыйжасында оорукананын кычкылтек системасы жабыр тартты.

71 адам жаткан реанимацияда, дем алуу аппаратына туташкан 11 Ковид-19 бейтабы кычкылтектин жетишсиздигинен каза болушту.

Окуя боюнча иликтөө башталып, аймактагы бардык ооруканаларда кычкылтек системалары текшерилгени айтылды.



Тектеш кабарлар