Японияда 6 баллдык жер титирөө болду
Япониянын Метеорологиялык Агенттиги 6 баллдык жер титирөөдөн кийин цунами тууралуу эскертүү берген жок.
1685405
Япониянын чыгышындагы Ибараки провинциясына жакын жерде 6 баллдык жер титирөө болду.
Япониянын Метеорологиялык Агенттигинин маалыматы боюнча, Токионун түндүк - чыгышында Тынч океандын жээгиндеги Ибараки жакындарында болгон жер титирөөнүн жергиликтүү убакыт боюнча 05: 33тө жердин 40 километр тереңдигинде болгондугу катталды. Жер титирөө жакын жердеги аймактарда жана Токиодо да сезилди.
Япониянын Метеорологиялык Агенттиги 6 баллдык жер титирөөдөн кийин цунами тууралуу эскертүү берген жок.