Израиль күчтөрү бир палестиналыкты жаралады

Израилдин расмий KAN телеканалы аскерлердин палестиналыктарга ок аткандыгын ырастады.

1684660
Израиль күчтөрү бир палестиналыкты жаралады

Израиль күчтөрү  оккупацияга алган Батыш Шериадан «Израилге өтүүгө аракет кылды» деген негиз менен  бир палестиналыкты жаралады, бирөөсүн да камоого алды.

Палестина расмий маалымат агенттиги Wafaнын көргөн күбөлөргө таянып берген кабарында Женин шаарынын батышындагы Бөлүү дубалына жакын жерде унаанын ичиндеги палестиналыктардын бирөөсүнүн Израиль аскерлеринин ок атуусу менен жаракат алгандыгы билдирилди.

Бир тараптан Израиль армиясы берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө палестиналыктардын колдонгон унаа менен Израилге өтүүгө аракет кылгандыгын айтты.

Израилдин расмий KAN телеканалы аскерлердин палестиналыктарга ок аткандыгын ырастап, жаракат алган адамдын ооруканага жаткырылгандыгын, бирөөсүнүн камоого алынгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар