Индияга таандык тик учак Кашмирде кырсыкка учурады

Тик учакта кеминде 5 адамдын бар экендиги билдирилүүдө.

1684869
Индияга таандык тик учак Кашмирде кырсыкка учурады

 Индиянын көзөмөлүндөгү Жамму Кашмир  аймагына караштуу Катуада Индия күчтөрүнө таандык  тик учактын дамбага кулап түшкөндүгү билдирилди.

Hindustan Timesтын кабарына караганда Индия күчтөрүнө таандык «254 АА» моделиндеги тик учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:43тө Катуанын Басохли аймагындагы Ранжит Сагар дамбасына түштү.

Тик учакта кеминде 5 адамдын бар экендиги билдирилүүдө.

Патханкот полициясынын башчысы Сурендра Ламба куткаруу топтору менен аскерлердин аймакка жөнөтүлгөнүн билдирди.

Дайынсыз жоголгондорду издөө жана куткаруу иштери жана кырсыктын себептерин иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.



Тектеш кабарлар