Россия менен АКШ стратегиялык туруктуулук жыйынын өткөрөт

Россия менен АКШнын делегациялары 28 -  июлда стратегиялык туруктуулук боюнча сүйлөшөт.

1679374
Россия менен АКШ стратегиялык туруктуулук  жыйынын өткөрөт

Россия менен АКШнын делегациялары 28 -  июлда стратегиялык туруктуулук боюнча сүйлөшөт.

Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта президент В. Путиндин АКШнын президенти Жо Байден менен Швейцариянын Женева шаарында 16 -  июндагы жолугушуусу эске салынды.

Бул жолугушууда түзүлгөн келишимдердин уландысы катары Россия менен АКШнын ортосундагы диалогдун алкагында 28 -  июлда Женевада стратегиялык ырааттуулук тууралуу жаңы отурумдун болору белгиленген маалыматта булар билдирилди: «Россия делегациясына Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков, АКШ делегациясына да АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Вэнди Шерман жетекчилик кылат. Жыйында стратегиялык өнөктөштүктү сактоо, чыңдоо жана курал-жаракты көзөмөлдөө маселелери талкууланат».



Тектеш кабарлар