Ейфел мунарасы 9 айдан кийин кайрадан ачылды

9 айлык тыныгуудан кийин ачылган мунарага барууну каалаган туристтер акы төлөөчү жайлардын алдында узун кезектерди түзүштү.

1676698
Ейфел мунарасы 9 айдан кийин кайрадан ачылды

Францияда коронавирус эпидемиясына   байланыштуу жабылган Ейфел мунарасы 9 айдан кийин кайрадан ачылды.

Ковид-19 эпидемиясынын жайылышына байланыштуу көрүлгөн чаралардын  негизинде  өлкөдөгү эң популярдуу символдордун бири болгон Ейфел мунарасы зыяратка жабылган.

9 айлык тыныгуудан кийин ачылган мунарага барууну каалаган туристтер акы төлөөчү жайлардын алдында узун кезектерди түзүштү.

Социалдык аралык эрежесинин алкагында мунаранын суткалык сыйымдуулугу 1300 адам менен чектелген.

Мындан тышкары, келерки жумадан тарта мунараны  кыдыруу үчүн  ПЦР тестинин талап кылынары билдирилди. 



Тектеш кабарлар