Байден менен Меркель Ак үйдө жолугушту
Лидерлер жолугушууда Түндүк Агым 2, Россия менен карым - катнаштар, Афганистандан чыгуу процесси, Ковид – 19 эпидемиясы жана глобалдык ысынуу маселелерин талкуулашты.
АКШнын президенти Жо Байден Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Ак үйдө жолугушту.
Лидерлер жолугушууда Түндүк Агым 2, Россия менен карым - катнаштар, Афганистандан чыгуу процесси, Ковид – 19 эпидемиясы жана глобалдык ысынуу маселелерин талкуулашты.
Байден менен Меркель жолугушуудан кийин камералар алдына өттү. Байден Германиядагы сел апаатынан улам Меркелге көңүл айтты. Байден Түндүк Агым 2 түтүк жолун белгилеп : «Россиянын энергетиканы курал катары колдонуусуна уруксат берилбеш керек»,- деди.
Кубадага абалдар тууралуу да маалымат берген Байден : «Коммунизм ийгиликсиз система. Социализмди да пайдалуу деп эсептебейм. Ал жерде интернетке жетүүнү калыбына келтирүүгө жардам берүүнү ойлоп жатабыз»,- деди.
Гаитинин аскердик жардам талабына да токтолгон Байден : «Бул өлкөгө аскер жиберүү күн тартибибизде жок»,- деди.
Ангела Меркель Байден президенттик орундукту өткөрүп алгандан кийин жолугушкан биринчи европалык лидер болду. Меркель канцлер сыпаты менен АКШга акыркы жолу барды.