Индонезияда жер титиреди

Жер титирөөдөн кийин цунамиге байланыштуу эскертүү берилген жок.

1673012
Индонезияда жер титиреди

Индонезиянын Сулавеси аралынын жээктеринде 6,2 баллдык жер титирөө болду.

Индонезиянын Метеорология, климат жана геофизика мекемесинин билдирүүсүндө, жергиликтүү убакыт боюнча саат 07.43тө деңиздин 23 чакырым тереңдигинде болгон 6,2 баллдык жер титирөөнүн эпицентринин аймакка караштуу Малонгуане шаарынын 112 чакырым түштүк-батышы экени белгиленди.

Жер титирөөнүн Түндүк Сулавесинин Талауд аймагында сезилгени кабарланды.

Адам өмүрүнө зыян келтирбеген жер титирөөдөн кийин цунамиге байланыштуу эскертүү берилген жок.


Этикеткалар: #Сулавеси аралынын

Тектеш кабарлар