Дубайда жарылуу болуп өрт чыкты
Себептери азырынча белгисиз болгон жарылуунун портко бекитилген кемедеги контейнерде болгонун билдиришти.
Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Дубай шаарындагы Жабаль-Али портунда катуу жарылуу болуп, андан кийин өрт чыккан.
Себептери азырынча белгисиз болгон жарылуунун портко бекитилген кемедеги контейнерде болгонун билдиришти.
Окуядан каза болгондор жана жаракат алгандар болгон жок.
Жарылуудан кийин чыккан өрт тез арада көзөмөлгө алынды. Экипаждар муздатуу боюнча ишти улантышууда.
Жабаль-Али портуна токтотулган кемеде болгон жарылуунун себеби кээ бир контейнерлердеги күйүүчү материалдар болушу мүмкүн экени белгиленди.
Порттун жанындагы айрым күбөлөрдүн айтымында, жарылуунун кесепетинен имараттар солкулдап кетти.
БАЭнин эң маанилүү портторунун бири болгон Жабаль-Али порту Дубай шаарынын борборунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.