Delta варианты Европада 4-толкундун жарчысы

Өлкөлөр 4-толкунга даярдануу үчүн чара көрө башташты.

1672145
Delta варианты Европада 4-толкундун жарчысы

Коронавирустун (Ковид-19) Delta вариантынын жайылуу ылдамдыгы Европа өлкөлөрүн дүрбөлөңгө салды.

Өлкөлөр 4-толкунга даярдануу үчүн чара көрө башташты.

Дельта Германияда басымдуу вариант болуп калды.

Роберт Кох институтунун акыркы отчетуна ылайык, жаңы учурлар арасында дельта вариантынын катышы 37 пайыздан 59 пайызга чейин көбөйдү.

Июнь айынын башынан бери жума сайын кескин көбөйүп келе жаткан дельта варианты Германияда жаңы учурлардын 2/3 бөлүгүн түзөт.

Францияда дельта вариантынын көрсөткүчү 40 пайызга чейин көтөрүлдү.

Француз өкмөтү "Вариант жайкы эс алууну бузушу мүмкүн. 4-толкундун коркунучу өтө жогору, кырдаал тездик менен начарлап баратат», деп эскертти.

Дүйшөмбү күнү жаңы чечимдердин кабыл алынышы күтүлүп жаткан өлкөдө, эмдөөдөн өтпөгөндөргө чектөө киргизүү жана айрым кесиптик тармактарда вакцинанын милдеттүү болушу маселеси талкууланууда.

Испанияда бейтаптардын саны акыркы 4 күндө 32 миңге чейин көбөйдү.

Жабык аянттардагы түнкү клубдар жана берки көңүл ачуучу жайлар дем алыштан тарта жабылат.

Ачык асман алдындагы иш-чараларга катышуу үчүн Ковид-19 тесттинин таза анализин көрсөтүү же эмдөөдөн өтүү керек болот.

Дельта вариантынан улам күнүмдүк учулардын саны эки миңден ашкан Португалияда кийинки жумада эки эсеге көбөйөт деп күтүлүүдө.

Норвегия да Европада 4-толкун болушу мүмкүн деп тынчсызданган өлкөлөрдүн бири. 

Июль айында чектөөлөрдүн алынып салынышы күтүлүп жаткан Норвегияда акыркы чечим август айында кабыл алынат.



Тектеш кабарлар