Тажикстанда 18 жаштан жогоркулар милдеттүү түрдө эмделет

Бул чечим Тажикстандын Коронавируска каршы комиссиясынын жыйынынан кийин чыккан.

1669376
Тажикстанда 18 жаштан жогоркулар милдеттүү түрдө эмделет

Тажикстанда коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы эмдөө 18 жаштан жогору жарандар үчүн милдеттүү кылынды.

Тажикстандын Коронавируска каршы комиссиясынын чечими менен өлкөдө ушул кезге чейин ыктыярдуу түрдө эмдөө болуп келсе, эми 18 жаштан жогору жарандар үчүн милдеттүү болуп калды.

Чечим менен чет өлкөдөн келгендерди 10 күн бою карантин астында кармоо практикасы башталды.

Март айында Оксфорд Университети тарабынан иштелип чыккан 192 миң доза Вакзеврия вакцинасы жана Кытайдын Синовак компаниясы тарабынан иштелип чыккан 300 миң доза КоронаВак вакцинасы өлкөгө жеткирилген болсо, жакынкы келечекте өлкөгө Россияда чыгарылган Sputnik V вакцинасынын 100 миң дозасы жеткирилиши күтүлүүдө..

Эмдөө кампаниясы 22-мартта башталган өлкөдө ушул кезге чейин 280 миң адам эмдөөдөн өттү.

Бүгүнкү күндө өлкөдө Ковид-19 эпидемиясынан 92 адам каза болду.



Тектеш кабарлар