Филиппиндин түштүгүндө аскердик учак кулады

Филиппиндердин Башкы штабынын башчысы, генерал Цирилито Собейна аскердик учак Сулу провинциясындагы Жоло аралына конууга аракет кылып жатып кулап түшкөнүн жарыялады.

1669370
Филиппиндин түштүгүндө аскердик учак кулады

Филиппиндин түштүгүндөгү Сулу провинциясында 85 адамы бар аскердик учак кулады. Кырсыкка учураган учактын калдыктарынан кеминде 40 адам куткарылды.

Филиппиндин Башкы штабынын башчысы, генерал Цирилито Собейна аскердик учак Сулу провинциясындагы Жоло аралына конууга аракет кылып жатып кулап түшкөнүн жарыялады.

Ушул кезге чейин 40 кишинин куткарылганын айткан генерал Собейана: «Тирүү калгандардын өмүрүн сактап калуу үчүн издөө-куткаруу топтору аймакта ишин улантууда», - деди.

Учак аскердик мектебинин жаңы бүтүрүүчүлөрүн кызмат ордуна жеткирүү үчүн баратканы белгилүү болду.



Тектеш кабарлар