Филиппинде аскердик учак кулап түшүп кеминде 29 киши каза тапты

Филиппиндин Коргоо министрлиги, кеминде 85 адам болгон С-130 тибиндеги аскердик учак Сулу провинциясындагы Жоло аралына конууга аракет кылып жатып, ошол эле аймактын Патикул шаарчасынын Бангкал айылына кулап түшкөнүн жарыялады.

1669535
Филиппинде аскердик учак кулап түшүп кеминде 29 киши каза тапты

Филиппиндин түштүгүнө конуу учурунда аскердик учак кулап, кеминде 29 адам каза болду.

Филиппиндин Коргоо министрлиги, кеминде 85 адам болгон С-130 тибиндеги аскердик учак Сулу провинциясындагы Жоло аралына конууга аракет кылып жатып, ошол эле аймактын Патикул шаарчасынын Бангкал айылына кулап түшкөнүн жарыялады.

Кырсыктан бери дегенде 29 адам каза болуп, 50 адам ооруканага жаткырылганы билдирилди.

Коргоо министри Делфин Лоренсана, 3 учкуч, 5 кабинанын кызматкери; калгандары аскер кызматкерлери болгон.

Башкы штабдын башчысы генерал Цирилито Собейна дагы билдирүүсүндө, «Тирүү калгандардын өмүрүн сактап калуу үчүн издөө-куткаруу топтору аймакта ишин улантууда»,-деди.

Учак аскердик мектебинин жаңы бүтүрүүчүлөрүн кызмат ордуна жеткирүү үчүн баратканы айтылууда.



Тектеш кабарлар