Климаттын өзгөрүшү 20 жылдын ичинде миллиондогон адамдардын өмүрүн алды

Антониа Гутерриш Бельгиянын борбору Брюсселде өткөрүлгөн "БУУнун Суу жана кырсыктар боюнча 5-тематикалык атайын сессиясында" сөз сүйлөдү.

1665165
Климаттын өзгөрүшү 20 жылдын ичинде миллиондогон адамдардын өмүрүн алды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антонио Гутерриш, акыркы 20 жылда климаттын өзгөрүшүнөн улам болгон табигый кырсыктарда миллиондогон адамдардын көз жумганын айтты.

Антониа Гутерриш Бельгиянын борбору Брюсселде өткөрүлгөн "БУУнун Суу жана кырсыктар боюнча 5-тематикалык атайын сессиясында" сөз сүйлөдү.

Сел, бороон, кургакчылык, цунами жана жер көчкү сыяктуу дээрлик бардык кырсыктардын суу менен байланышына көңүл бурган баш катчы, жыл сайын жаратылыш кырсыктары 26 миллион адамды жакырчылыкка мажбурлаганын билдирди. Гутерриш: «Акыркы жыйырма жылдын ичинде климатка байланыштуу кырсыктардын саны мурунку жыйырма жылдагыдан эки эсе көбөйүп, 4 миллиарддан ашуун адамга таасирин тийгизди. Бул кырсыктар миллиондогон адамдардын өмүрүн алып, 2.97 триллион АКШ долларынан ашкан экономикалык жоготууларга алып келди», деди.

2030-жылга чейин гуманитардык жардамга болгон муктаждыктын 50 пайызынын климатка байланыштуу кырсыктардан келип чыгышы болжолдонуп жаткандыгын айткан Гутерриш, бул көйгөйдөн чыгуунун эң маанилүү жолу глобалдык жылуулукту 1,5 градуска чейин чектөө экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар