АКШ: «Афганистандан чыгып кетүүнүн жарымынан көбү аяктады»

АКШнын Борбордук күчтөрүнүн командирлиги билдирүү жасады.

1663070
АКШ: «Афганистандан чыгып кетүүнүн жарымынан көбү аяктады»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук күчтөрүнүн (CENTCOM) командирлиги Ооганстандан чыгып кетүүнүн жарымынан көбү аяктаганын билдирди.

АКШнын президенти Жо Байден 11-сентябрдагы кол салууну эскерүү жылдыгына дейре Ооганстандан бардык америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечиминен кийин апрелдин акыркы жумасында башталган аскерлерди чыгаруу иштери уланууда.

CENTCOMдун билдирүүсүндө: «Президенттин чечиминен бери АКШ Ооганстандан 763 даана С-17 жүгү сыяктуу техниканы алып кетти жана 14 миң 790 жабдуу Коргоо Логистика агенттигине жок кылуу үчүн жеткирилди» деп кабарланды.

Билдирүүдө, чыгарылып кеткен жабдуулардын бардыгынын пайдалануудан калган материалдардан тургандыгы жана ири деп эсептелген коргонуу куралдары же шаймандары жок экендиги белгиленди.

АКШнын Ооганстандагы 6 аскердик объектини Ооган улуттук армиясына өткөрүп бергендиги айтылган билдирүүдө: «Борбордук күчтөрдүн командирлиги, аскерлерди чыгарып кетүүнүн 50 пайыздан ашуунун аткарылгандыгын болжолдоп жатат», делди

Командирлик азырынча чыгарылган аскерлердин санын расмий жарыялай элек.



Тектеш кабарлар