Ирандын жаңы президенти Ибрагим Раиси
Ибрагим Раиси 28 миллион 600 миң добуштун 17 миллион 800 миңине ээ болду.
Ирандагы 13-Президенттик шайлоонун биринчи расмий жыйынтыктарына караганда, консервативдик талапкер Ибрагим Раиси 28 миллион 600 миң добуштун 17 миллион 800 миңин алып шайлоодо жеңип чыкты.
Реформист талапкер Борбордук банктын мурдагы төрагасы Абдуннасыр Химмети, консервативдик талапкерлер Революциялык Сакчылар Армиясынын мурдагы Башкы командири жана Тартипти жөнгө салуучу кеңештин башкы катчысы Мухсин Рызай менен эл өкүлү Эмир Хусейин Кадызаде Хашими да билдирүү жарыялап куттукташты.
Президент Хасан Рухани да өз билдирүүсүндө эл тарабынан шайланган президенттин аныкталганын жана 45 күндөн кийин кызматын ага өткөрүп берерин айтты.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.