БУУ: Түркия эң көп качкындарды кабыл алган өлкө

2020-жылы дүйнө жүзүндө 82 миллион 400 миңден ашуун адам жер которууга аргасыз болду.

1660680
БУУ: Түркия эң көп качкындарды кабыл алган өлкө

Түркия дүйнөдө эң көп качкындарды кабыл алган өлкө.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын быйылкы глобалдык тенденциялар боюнча отчетуна караганда, акыркы 10 жылда дүйнөдө зомбулук жана куугунтуктан улам жер которгон адамдардын саны рекорддук көрсөткүчкө көбөйдү.

Билдирүүгө ылайык, 2020-жылы дүйнө жүзүндө 82 миллион 400 миңден ашуун адам жер которууга аргасыз болгон.

Өткөн жылы коронавирус эпидемиясынан улам саякаттоого коюлган чектөөлөргө карабастан болжол менен дагы 3 миллион адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Алардын башында сириялыктар, венесуэлалыктар, афгандар, түштүк судандыктар жана аракандык мусулмандар турат.

Жер которгондордун 42 пайызын 18 жашка чейинки балдар түзөт. 2018-2020-жылдар аралыгында бир миллиондой бала качкын болуп төрөлгөнү белгиленди.

БУУнун маалыматы боюнча, эң көп качкындарды кабыл алган өлкөлөрдүн арасында Түркия биринчи орунда турат.

Болжол менен 3 миллион 700 миң качкынды багып жаткан Түркия акыркы 7 жылда дүйнөдөгү эң көп качкындарды кабыл алган өлкө болду.

Түркиядан кийин 1,7 миллион менен Колумбия, 1,4 миллион менен Пакистан жана Уганда, 1,2 миллион менен Германия ээледи.

Отчетто Ковид-19 чектөөлөрүнүн алынышы менен дүйнө жүзү боюнча чыр-чатактар ​​күчөп, азык-түлүк тартыштыгы жана климаттык шарттар бул кырдаалды ого бетер күчөтөрү айтылды.



Тектеш кабарлар