АКШ Ковид - 19га каршы дары - дармектер үчүн инвестиция салат
АКШ башкаруусу Ковид - 19га каршы дары - дармек үчүн 3 миллиард доллардан ашуун инвестиция салат.
1660299
АКШ башкаруусу учурда иштелип жаткан жана жылдын аягына чейин чыгышы күтүлүп жаткан Ковид - 19га каршы дары - дармек үчүн 3 миллиард доллардан ашуун инвестиция салат.
АКШнын саламаттыкты сактоо жана калкты тейлөө министрлигинен берилген маалыматта окумуштуулардын Ковид - 19 организмге киргенден кийин пайда болгон белгилерди жеңилдетүүсү үчүн иштеп жаткандыгы белгиленди.
Маалыматта азыркы учурда клиникалык сыноодогу жана жылдын акырына чейин чыгарылышы пландалып жаткан бир канча дары талапкери үчүн АКШ башкаруусунун 3 миллиард доллардан ашуун инвестиция салары билдирилди. Бул дарылардын кайсы фирмалар тарабынан чыгарыларына байланыштуу кенен маалымат берилген жок.