Путин: «Орусия-Америка мамилелери АКШнын ички саясий күрөшү үчүн садага чабылган»

Путин эртең Швейцариянын Женева шаарында АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушуудан мурун Американын NBC каналына берген маегинде учурдагы маселелер боюнча билдирүүлөрдү жасады.

1658192
Путин: «Орусия-Америка мамилелери АКШнын ички саясий күрөшү үчүн садага чабылган»

 Россиянын Президенти Владимир Путин орус-америкалык мамилелер акыркы жылдары Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) ички саясий күрөш үчүн садага чабылганын айтты.

Путин эртең Швейцариянын Женева шаарында АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушуудан мурун Американын NBC каналына берген маегинде учурдагы маселелер боюнча билдирүүлөрдү жасады.

Россия менен АКШнын ортосундагы мамилелерге токтолгон Путин, АКШ менен көптөгөн тармактарда кызматташууга даяр экендигин билдирип, «Эл аралык мамилелерде туруктуулук жана алдын ала көрө билүү эң маанилүү баалуулуктар. Америкалык өнөктөштөрүбүздөн акыркы жылдары бул жөнүндө эч нерсе көрө алган жокпуз»,-деп айтты.

АКШнын Орусияны шайлоого кийлигишип, кибер чабуул уюштурду деп айыптап жатканына көңүл бурган Путин: «Россия-Америка мамилелери акыркы жылдары АКШдагы ички саясий күрөш үчүн садага чабылган”,- деди.

Буга чейин АКШга кибер мейкиндигинде биргелешип иштөөнү сунуш кылышканын эске салган Путин, АКШ бул сунушту четке каккандыгын баса белгиледи.

НАТО Россиянын кибер мейкиндигин «согуш» аймагы деп жарыялаганын эске салган Путин, буга Россиянын «тынчсызданганын» баса белгиледи.

Кытайдын төртүнчү учак ташуучу кемени куруусу боюнча кырдаалга баа берген Путин, анын Орусияга эч кандай коркунуч туудурбасын айтты.

Путин Кытайга караганда АКШнын учак ташуучу кемелери көп экендигин белгиледи.

Россияда камакта жаткан орусиялык диссидент Алексей Навальный менен байланышкан уюмдарды экстремисттик деп жарыялоо маселесине токтолгон Путин, өлкөдө «чет элдик тыңчы» мыйзамы күчүнө киргенин эске салды.

«Бул биз ойлоп тапкан нерсе эмес. Чет элдик тыңчылар жөнүндө мыйзам 1930-жылдары АКШда кабыл алынган. Бул мыйзам биздикине караганда катаал. Ал Америка Кошмо Штаттарынын ички саясий турмушуна кийлигишүүгө жол бербөөгө багытталган. Жалпысынан бул мыйзам туура деп ойлойм»,-деди.


Этикеткалар: #Россия , #АКШ , #Жо Байден , #Путин

Тектеш кабарлар