Ливанда кымбатчылыкка каршы митингге чыгышты

Коопсуздук күчтөрү митингге кийлигишип унаа жолун  ачты

1656549
Ливанда кымбатчылыкка каршы митингге чыгышты

Ливиялыктар экономикалык кризис жана жергиликтүү акча бирдигинин арзандашына алып келген кымбатчылыккка нааразычылык билдирип борбор шаар Бейрутта митинг өткөрүштү.

Шаардын түрдүү жерлеринде чогулган митингчилер резиналарды өрттөшүп айрым негизги проспектилерди жабышты жана начарлаган турмуштук шарттар менен күйүүчү май кризисин айыптаган ураандар менен жүрүштү.

Коопсуздук күчтөрү митингге кийлигишип унаа жолун  ачты.

Ар кандай диндерге жана секталарга негизделген саясий бөлүнүүчүлүк жагынан абдан морт түзүлүшкө ээ Ливандын экономикасы 1975-1990-жылдардагы жарандык согуштан кийинки эң чоң кризисти башынан өткөрүүдө.

Жергиликтүү акча бирдиги - Ливан лирасы, Борбордук банктын алмашуу курсун туруктуу кармаганына карабастан, банктарда жана кара базарда арзандоо менен ар кандай баада сатылууда. Борбордук банк аныктаган расмий курс 1507 болсо, учурдагы банктардагы курс 3 миң 900 лираны түзүп, бүгүн кара базарда доллар 15 миң лирадан ашыкка сатылды.



Тектеш кабарлар