Япония ноябрь айына чейин коронавирус эмдөөлөрүн акырына чыгарууну пландап жатат

126 миллионго жакын калктуу Японияда азыркы учурда калкынын 4 пайызынан дагы азын  эмдөөдөн өткөрдү.

1655092
Япония ноябрь айына чейин коронавирус эмдөөлөрүн акырына чыгарууну пландап жатат

Япониянын премьер  - министри Суга Йошихиде өлкөдө Ковид  - 19га каршы жүргүзүлгөн вакциналоо кампаниясын ноябрь айына чейин акырына чыгарууну максат кылышкандарын айтты.

Япониянын премьер  - министри Йошихиде оппозициянын лидерлери менен парламентте өткөргөн бетме  - бет жолугушуусунда Токио олимпиадаларынан мурда бул айдын акырына чейин 40 миллион дозадан ашуун вакцина жасаларын билдирди.

Суга каалаган бардык жарандардын ноябрь айынын акырына чейин эмдөө аларын айтты.

126 миллионго жакын калктуу Японияда азыркы учурда калкынын 4 пайызынан дагы азын  эмдөөдөн өткөрдү.



Тектеш кабарлар