Россиянын президенти В. Путин түрк фирмасы да орун алган комплексти ачты

Россиянын Чыгыш Сибирь аймагында курулган комплекс Путин  видеоконференция аркылуу катышкан азем менен ачылды.

1654898
Россиянын президенти В. Путин түрк фирмасы да орун алган комплексти ачты

Россиянын президенти В. Путин орус энергетика фирмасы Газпром менен түрк фирмасы Ронесанстын өнөктөштүгүндө курулган Амур газ иштетүү комплексинин ачылышын аткарды.

Россиянын Чыгыш Сибирь аймагында курулган комплекс Путин  видеоконференция аркылуу катышкан азем менен ачылды.

Ачылышта сөз сүйлөгөн Путин проектинин курулушунда Россия, Түркия жана Кытай сыяктуу көптөгөн өлкөдөн киши жана фирманын иштегендигин белгилеп : «Бул чоң кызматташуунун алдыда дагы ушуга окшогон долбоорлор үчүн жаңы союздаштыктардын жолун ачарына ишенем»,- деди.

Россиянын эң ири жаратылыш газ иштетүү комплекстеринин бири болгон Амур газ иштетүү комплекси 2025 -  жылдан тарта жылдык 42 миллиард метр куб жаратылыш газ иштетүү көлөмүнө ээ болот.

2015 -  жылы курулушу башталган жана жалпы чыгымы 950 миллиард рублди түзгөн долбоордо 35 000ден ашуун киши иштеди.



Тектеш кабарлар