Сомалиде жарылуу болду

Еш – Шебабга таандык жарылуучу заттар менен толгон үйдө болгон жарылууда кеминде уюмдун  60 мүчөсүнүн каза болгондугу билдирилди.

1653996
Сомалиде жарылуу болду

Сомалиде террордук уюм Еш – Шебабга таандык жарылуучу заттар менен толгон үйдө болгон жарылууда кеминде уюмдун  60 мүчөсүнүн каза болгондугу билдирилди.

Сомали армиясынын радиосуна маалымат берген аскердик жетекчилер Төмөнкү Шабел аймагынын Ала  - Футов кыштагында уюмдун бомба жасоо боюнча адистери менен куралдуу күчтөрү болгон бир үйдө чыккан жарылууда кеминде уюмдун 60 мүчөсүнүн өлгөндүгүн билдиришти.

Бомба жасоодо колдонулган материалдар болгон 11 бөлмөлүү үйдөгү  жарылуудан улам жакын жерде жашаган бир аял менен бир бала да каза болду.

Аскердик жетекчилер жарылуунун натыйжасында каза болгон 6 чет өлкөлүк террористтин бирөөсүнүн аймакка Афганистандан барган Ахмед Шариф экендигин маалымдашты.

Кечээ Сомали армиясы уюмга карата баштатылган аскердик операцияда акыркы 3 жумада уюмдун 100дөн ашуун мүчөсүнүн жок кылынгандыгын жарыялаган.

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар