Афганистанда бир район дагы Талибандын көзөмөлүнө өттү

Афганистандын түндүгүндөгү Фаряб аймагынын Девлет Абад району Талибандын көзөмөлүнө өттү.

1653926
Афганистанда бир район дагы Талибандын көзөмөлүнө өттү

Афганистандын түндүгүндөгү Фаряб аймагынын Девлет Абад району Талибандын көзөмөлүнө өттү.

Фаряб облустук кеңешинин милдетин аткаруучу Абдул Меннан Кати куралдуу кишилердин эки күндөн бери Девлет Абад районуна кол салып жаткандыгын айтты.

Кол салуунун натыйжасында бүгүн эрте менен райондун борборунун Талибандын көзөмөлүнө өткөндүгүн маалымдаган Кати райондун борборунда акимчилик имаратындагы 30 коопсуздук кызматкеринен кабар алына албай жаткандыгын белгиледи.

Фарябдын башка бир облустук кеңешинин милдетин аткаруучу Абдул Ахад Илбек да кол салууда 2 коопсуздук кызматкеринин каза болгондугун кабарлады.

Талибан ушундайча май айынын башынан бери жалпы өлкөдө 8 райондун көзөмөлүн колго алды.



Тектеш кабарлар