Украинанын президенти В. Зеленский Жо Байден менен жолугушууга даяр

Зеленский Американын маалымат сайты Axiosко берген маегинде АКШнын Түндүк агым  - 2  долбоору үчүн санкцияларды жоюу чечими тууралуу билдирди.

1653272
Украинанын президенти В. Зеленский Жо Байден менен жолугушууга даяр

Украинанын президенти Владимир Зеленский 16 -  июнда Россиянын президенти В. Путин менен АКШнын президенти Жо Байдендин жолугушуусунан мурда Байден менен жолугушууга даяр экендигин белгиледи.

Зеленский Американын маалымат сайты Axiosко берген маегинде АКШнын Түндүк агым  - 2  долбоору үчүн санкцияларды жоюу чечими тууралуу билдирди.

АКШнын Түндүк агым  - 2  долбооруна карата санкцияларды жоюу чечимине таң калгандарын айткан Зеленский Байден менен апрель айында өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө башка багытта сигнал алгандыгын эске салды.

Зеленский АКШнын долбоорду токтото турган бирден-бир күч экендигине ишенгенин жана бул долбоордун Европанын коопсуздугуна гана эмес, АКШга дагы коркунуч туудурарын айтты.

Россия маселесин жакшы билишерин баса белгилеген Зеленский, ушул себептен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маанилүү экендигин баса белгиледи. Зеленский сүйлөшүүнүн болуп же болбой тургандыгы Байдендин чыгара турган чечими экендигин айтып : «Украина конституциясынын кепили катары Украинаны жактаганга даярмын. Путин менен жолугушуусунан мурда аны менен жолугушуп баарын талкуулоого даярмын»,- деди.

 



Тектеш кабарлар