Россия Ачык асман келишиминен чыкты

Россиянын Президенти Владимир Путин өлкөсүнүн Ачык асман келишиминен (АСА) чыгуусуна байланыштуу мыйзамга кол койду.

1653163
Россия Ачык асман келишиминен чыкты

Россиянын Президенти Владимир Путин өлкөсүнүн Ачык асман келишиминен (АСА) чыгуусуна байланыштуу мыйзамга кол койду.

Россиянын мамлекеттик укуктук маалымат тутумунда жарыяланган мыйзамга ылайык, Россия 1992-жылы 24-мартта Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында кол коюлган АСАдан чыкты.

Каралып жаткан мыйзамга президент Путин кол койду.

Америка Кошмо Штаттары 2020-жылы 22-ноябрда Россия менен курал-жарак көзөмөлүн жөнгө салуучу АСАдан чыгарын жарыялаган.

кабыл алгандыгын жарыялаган.

Аскердик иш-аракеттердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана курал-жарактарды көзөмөлдөө менен башка келишимдерге көмөктөшүү максатында куралсыз чалгындоо учууларын жүргүзүүгө мүмкүндүк берген АСАга кол койгон 34 өлкөнүн катарында Россия менен АКШ орун алган.

Европада Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун географиясында ишенимди жана коопсуздукту жогорулатуу чарасы катары каралган жана 1992-жылы кол коюуга ачылган АСАга тараптарлардын арасында  Түркия да бар.



Тектеш кабарлар