Иракта ДЕАШка каршы кургактык операциясы жүргүзүлүүдө
Ирак армиясынын 52-бригадасы жана 144-Пешмерге бөлүгү ДЕАШ уя салган Сулайманиянын Кифри районундагы Зинане шаарчасынын айыл аймагында бир нече тараптан операция жүргүзүштү.
Ирак армиясы жана Пешмерге күчтөрү Дияла жана Сулаймания провинцияларынын ортосундагы аймактарда террордук уюм ДЕАШка каршы биргелешкен кургактык операциясын баштады.
Ирак армиясынын 52-бригадасы жана 144-Пешмерге бөлүгү ДЕАШ уя салган Сулайманиянын Кифри районундагы Зинане шаарчасынын айыл аймагында бир нече тараптан операция жүргүзүштү.
Таңга маал жүргүзүлгөн операцияда уюмга таандык көп сандаган ок-дары колго түшүрүлүп, айрым тоннелдер табылганы белгиленди.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, ДЕАШка каршы коалицияда орун алган Италия дагы кургактык операцияларын согуштук учактар менен колдоду.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.