НАСА Россиянын Эл аралык космостук станциядан чыгышы тууралуу билдирди

НАСАнын башкаруучусу Билл Нелсон  Россиянын эл аралык космостук станциясынан чыгышы космостук жарыш жаратылышы мүмкүн деп эскертти.

1652207
НАСА Россиянын Эл аралык космостук станциядан чыгышы тууралуу билдирди

Американын авиация жана космостук агенттиги НАСАнын башкаруучусу Билл Нелсон  Россиянын эл аралык космостук станциясынан чыгышы космостук жарыш жаратылышы мүмкүн деп эскертти.

Нелсон СНН телекөрсөтүүсүнө берген маалыматында Россиянын Эл аралык космостук станциядан чыгышынын жакшы болбой тургандыгын айтты.

АКШнын 45 жылдан ашуун убакытан бери космосто  Россия менен кызматташуу түзгөндүгүн жана бул кызматташууну улантууну каалагандыгын белгилеген Нелсон Россиянын Кытай менен космостук изилдөө тууралуу кызматташууну калагандыгын жана Эл аралык космостук станциясынан чыгышы АКШ, Россия жана Кытайдын ортосунда «космостук жарышты» баштатышы мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди.

Нелсон космостук иликтөөлөрдө Россия менен күчтүү кызматташууну улантуу космостун тарапсыз аймак катары калышы жактан маанилүү экендигине көңүлдөрдү бурду.

НАСА 2011 -  жылы кабыл алган жана ''Wolf Amendment'' деп билинген мыйзам боюнча ЦРУже АКШ Когнрессинин жактыруусу болбостон Кытай менен космостук иликтөөлөр боюнча кызматташуу түзө албайт. Россия 2025 -  жылга чейин Эл аралык космостук станциядан чыгууну жана өз космостук станциясын курууну пландап жатат.



Тектеш кабарлар