SpaceX компаниясынын кальмарларды ташыган ракетасы учурулду

Ракета Эл аралык космостук станцияга майда кальмарларды жана суу аюлары деп аталган микроскопиялык жандыктарды да алып барат.

1651460
SpaceX компаниясынын кальмарларды ташыган ракетасы учурулду

Америкалык SpaceX компаниясынын Эл аралык космос станциясына (ЭКС) жүк ташыган ракетасы учурулду.

Ракетанын станцияга алып бара турган жүктөрдүн арасында майда кальмарлар жана микроорганизмдер бар, алар илимий изилдөөлөрдө колдонулат.

Ракета, спутник жана космостук капсула өндүрүүчү америкалык SpaceX компаниясы чыгарган Falcon 9 ракетасы Флоридадагы Канаверал Кейп космос станциясынан учурулду.

Ракета ошондой эле Эл аралык космостук станцияга майда кальмарларды жана суу аюлары деп аталган микроскопиялык жандыктарды алып барат.

Станциянын бул жаңы коноктору гравитациясы жок чөйрөдө ар кандай илимий изилдөөлөр үчүн колдонулат.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө станциядагы кызматкерлердин узак мөөнөттүү космоско учуу учурунда ден-соолуктарынын сакталышы да максатталууда.

Учуп чыккандан 12 мүнөттөн кийин Falcon 9 ракетасынан бөлүнгөн Dragon капсуласы станцияга ишемби күнү жетет деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар