Абдүлмежид Теббун: «Түрктөр менен эң мыкты карым-катнашыбыз бар»

Франциянын жума сайын чыгуучу Le Point гезитине берген маегинде Теббун, Түркиянын Магриб аймагында болушун Алжир кандайча баалап жатат деген суроого, «Бул бизди тынчсыздандырбайт»,-деп жооп берди.

1650779
Абдүлмежид Теббун: «Түрктөр менен эң мыкты карым-катнашыбыз бар»

Алжирдин президенти Абдүлмежид Теббун, эч кандай саясий күтүүсүз өлкөгө болжол менен 5 миллиард доллар инвестиция салган түрктөр менен эң сонун алакада экендигин билдирди.

Франциянын жума сайын чыгуучу Le Point гезитине берген маегинде Теббун, Түркиянын Магриб аймагында болушун Алжир кандайча баалап жатат деген суроого, «Бул бизди тынчсыздандырбайт»,-деп жооп берип, эки өлкөнүн мамилеси мыкты экендигин баса белгиледи.

Алжирдин президенти, «Түрктөр саясий кайтарууну күтпөстөн Алжирге 5 миллиард доллар инвестиция салышты. Бул мамиледен ыңгайсыз болгондор келип, алар дагы ушул жерге инвестиция салышсын»,деген серебин салды.

Теббун, француздардын Алжирди эксплуатациялоо жылдарында элдер жапа чеккендигин, уруулар талкалангандыгын, айылдар массалык түрдө өрттөлгөнүн жана 1945-жылы 45,000 адам өмүрү кыйылгандыгын эскертип, «Алжир (Франциядан) бардык кылмыштардын толук таанылышын күтөт»,деген сөздөрдү айтты.

Франциянын Алжирде жасаган кылмыштары үчүн материалдык компенсация күтпөй тургандыктарын баса белгилеген Теббун: «Биз Франциядан өзөктүк сыноо жасаган полигондорду тазалоону суранабыз»,-деди.

Абдүлмежид Теббун Алжирдин айрым араб өлкөлөрүнүн Израиль менен мамилесин нормалдаштырганын айыптагандан кийин, Араб Лигасында эч кандай ынтымак калбай калгандыгын жана биримдик реформаланышы керектигин билдирди.

Президент Теббун Палестина мамлекети толук таанылмайынча, анын өлкөсү Израиль менен мамилесин жөнгө салбай тургандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар