Польшада жөө жүргүнчүлөргө уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды

Жөө жүргүнчүлөргө көчөдөн өтүп бара жатканда уюлдук телефондорду колдонуусуна тыюу салынгандыгы билдирилди.

1650225
Польшада жөө жүргүнчүлөргө уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды

Польшада жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдордо уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди.

Польша радиосунун жаңылыктарында, өлкөдөгү жол кырсыктарындагы адамдардын өлүмүн азайтууга багытталган мыйзамдын негизинде жөө жүргүнчүлөрдүн жол кыймылында уюлдук телефондорду колдонуусуна байланыштуу эреженин да ишке ашырыла баштагандыгы жарыяланды.

Кабарда, бул мыйзамдын автожолдордо эки унаанын ортосундагы тормоздук аралыкты кайрадан түзгөндүгү жана багажга түшүп алууга тыюу салгандыгы баса белгиленди.

Жаңылыктарда жөнгө салуунун айдоочуларга гана эмес, жөө жүргүнчүлөргө да тиешелүү экендиги, жөө жүргүнчүлөргө көчөдөн өтүп бара жатканда уюлдук телефондорду колдонуусуна тыюу салынганы айтылды.

Өткөн жылы Польшада 2500 жөө жүргүнчүнүн жол кырсыгынан каза тапкандыгы жана бул жагынан өлкөнүн Европа Биримдигинин алдыңкы сабында экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар