АКШда эмделген адамдарга курал-жарак таратылат
Америкада вакцина алууга үндөө максатында көптөгөн сыйлыктуу өнөктүктөр уюштурулууда.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Батыш Виржиния штатында вакцинага үндөө максатында уюштурулган өнөктүктө сыйлык катары курал таратылат.
Батыш Виржиниянын губернатору Жим Жастис, Аталардын күнүндө өтө турган жана 1 миллион долларлык сыйлыкты камтыган вакцинаны жайылтуу боюнча лотереяда катышуучуларга билим берүү стипендиясы, атайын жабдылган жүк ташуучу унаалар, штат парктарына акысыз кирүү, аңчылык жана балык уулоо лицензиялары менен бирге курал-жарак таратыла турганын айтты.
Акцияга катышкандарга 5 аңчылык мылтыгы жана 5 атайын насос мылтыгы берилет.
Америкада вакцина алууга үндөө максатында көптөгөн сыйлыктуу өнөктүктөр уюштурулууда.
Экинчи жагынан, коронавирустун Индия вариантынын АКШдагы учурлар арасындагы катышы 7 пайызга көбөйдү.
Индия варианты деп аталган B.1.617.2 варианты май айынын башында жаңы учурлардын 1 пайызын гана түзсө азыр кескин өстү.
Бирок АКШлык жетекчилер бул вариантка Moderna жана Pfizer-BioNTech вакциналары тоскоол болот деп ишенишет.