Румыниянын мурунку диктатор президенти Чавушескунун учагы сатылды

Чавушескунун президенттик учагы Аукциондо 120 000 еврого сатылды.

1648520
Румыниянын мурунку диктатор президенти Чавушескунун учагы сатылды

Румыниянын мурунку диктатору Николай Чавушескунун флотуна таандык Румынияда жасалган президенттик учак аукциондо 120 000 еврого сатылды.

Өлкөдөгү Артмарк аукцион үйүндө сатылган учактын башталгыч баасынын 25 000 евро менен башталгандыгы белгиленди.

Аукционго интернет же телефон байланышы менен катышкан 150 коллекционер жана авиация  ышкыбоздору  Ромбак марка учак үчүн бири бири менен жарышты.

Аукциондун акырында Чавушескунун президенттик учагы 120 000 еврого сатылды.

Орто аралыкка учуучу учак Британиянын Aircraft Corporation лицензиясы менен борбор шаар Бухарестте чыгарылган.

1986 – жылы кызматка кирген учак Чавушескунун кулатылышы жана жубайы Елена менен өлүм жазасына тартылган 1989 -  жыл декабрь айына чейин диктатордун флотунда болгон.



Тектеш кабарлар