Лавров Европа Биримдиги менен «саясий» байланыштарды орнотууга мезгил келгенин айтты

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров борбор калаа Москвадагы Россия-ЕБ мамилелери конференциясында сөз сүйлөдү.

1648992
Лавров Европа Биримдиги менен «саясий» байланыштарды орнотууга мезгил келгенин айтты

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Европа Биримдиги (ЕБ) менен «саясий» байланыштарды орнотууга мезгил келгенин айтты.

Лавров, борбор калаа Москвадагы Россия-ЕБ мамилелери конференциясында сүйлөгөн сөзүндө, «Абал абдан татаал. Европа континентинде болуп көрбөгөндөй ишеним кризиси болуп жатат. Чыгышка карай бөлүнүү сызыктары тартылды»,-деди.

Батыш өлкөлөрүнүн эл аралык укуктун нормаларын сактабагандыгына көңүл бурган Лавров, Россия жана анын союздаштарынын ички иштерине алар кийлигишкенин айтты.

ЕБ өзүн Россиядан изоляциялап жатканын маалымдаган Лавров, ЕБ менен «чынчыл» жана «тең укуктуу» кызматташтыкты орнотууга даяр экендиктерин билдирди.

Лавров: «Бул биз жаңы достуксуз кадамдарга, бийлик менен өз ара аракеттенүүгө жана ички иштерибизге кийлигишүүгө реакция кылбайбыз дегенди билдирбейт»,-деп айтты.

Лавров, айрым маселелер боюнча Россия менен ЕБнин ортосунда комиссиялык деңгээлде техникалык байланыштар сакталып тургандыгын белгилеп, «Саясий байланыштарды орнотууга убакыт келди деп ойлойбуз»,деген сөз айкаштарын колдонгон.



Тектеш кабарлар