Волкан Бозкыр Пакистандын премьер - министри менен жолугушту

Имран ХанБУУнун 75 -  Башкы Ассамблеясынын төрагасы Волкан Бозкырды премьер-министрдик кеңсесинде кабыл алды.

1647210
Волкан Бозкыр Пакистандын премьер  - министри менен жолугушту

Расмий жолугушууларынын алкагында Пакистанга барган БУУнун 75 -  Башкы Ассамблеясынын төрагасы Волкан Бозкыр, премьер-министр Имран Хан менен Палестина жана Кашмирди камтыган аймактык жана эл аралык маселелерди талкуулады.

Бозкырды Хан  борбор шаар Исламабаддагы премьер-министрдик кеңсесинде кабыл алды.

Бозкыр менен Хан жаңы Ковид-19 эпидемиясы, туруктуу өнүгүү, аймактык жана эл аралык коопсуздук жана тынчтык сыяктуу маселелер менен Афганистандагы тынчтык процесси, Палестина жана Кашмир маселелерин  талкуулашты.

Премьер-министр Хан, Бозкырдын Палестина боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын чакырылышындагы ролун жогору баалап, ок атышпоо чечиминен кийин тынчтык процессин жандандыруу жана БУУнун чечимдерине,  эки мамлекеттин көз карашына негизделген адилеттүү жана туруктуу чечимге кадам таштоо керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар