Эл аралык жарандык авиация уюму ICAO Ryanair учагы тууралуу тергөө ишин баштайт

ICAO 36 мамлекеттин өкүлдөрүн бир күндүн ичинде чогултуп, 23-майда Ryanair учагынын аргасыз кондурулушун талкуулады.

1647435
Эл аралык жарандык авиация уюму ICAO Ryanair учагы тууралуу тергөө ишин баштайт

Эл аралык жарандык авиация уюму ICAO Афина  -  Вильнюс каттамын аткарган жүргүнчү учагынын «мажбурлоо» менен борбор шаар Минскке кондурулушу жана учактагы Белорусиянын оппозициячыл бир журналисттин камоого алынышынан кийин тергөө иштери башталат.

Уюм  36 мамлекеттин өкүлдөрүн бир күндүн ичинде чогултуп, 23-майда Ryanair учагынын аргасыз кондурулушун талкуулады.

Жыйындан кийин берилген маалыматта эл аралык жарандык авиация боюнча Чикаго келишиминин 55 -  беренесинин негизинде «тынчсыздандыруучу» бул окуянын эл аралык авиациялык мыйзамды бузуп же бузбагандыгын белгилөө үчүн тергөө ишинин башталары белгиленди.  

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш менен БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги Европа өлкөлөрү жана АКШ ICAOга окуянын тергөө үчүн чакыруу салган.



Тектеш кабарлар