Хасан Насраллах Израилди эскертти

Хизбуллахтын баш катчысы Хасан Насраллах Ливандын түштүгүндөгү Израилдин оккупациясынын аякташынын 21 жылдыгында сөз сүйлөдү.

1645832
Хасан Насраллах Израилди эскертти

Ливанда жайгашкан Хизбуллахтын баш катчысы Хасан Насраллах эгер Израиль оккупацияланган Чыгыш Кудста мыйзам бузууларын уланта берсе, «регионалдык согуш башталып, натыйжада бул өлкө кыйрап калышы мүмкүн» деп эскертти.

Ливандын түштүгүндөгү Израилдин оккупациясынын аякташынын 21 жылдыгында сөз сүйлөгөн Насраллах: «Израилдиктер басып алынган Чыгыш Кудстагы Акса мечитине жана ыйыктарга кол салуу алардын кылган башка кол салууларынан айырмаланып турарын түшүнүшү керек. Бул кылгандарына жооп кайтаруу,  Газадагы каршылык көрсөтүү чектеринде чектелип калбайт»,-деди.

«Ыйыктарга коркунуч туулса, жасалма чек аралардын мааниси жок болот»,-деп айткан Насраллах «Кудска каршы аймактык согуш» теңдемесине жетүү керектигин жана «Израилдиктер кандай кадам таштаса дагы, ушул теңдеменин аркасында өз акырына жетээрин түшүнө тургандарын» кеп салды.

Газадагы Палестина каршылык көрсөтүү топторунун Израилге каршы чоң аскердик ийгиликке жетишкендигин белгилеген Насраллах, бул ийгилик Палестина маселесине дагы бир жолу чоң салым кошту жана Америка Кошмо Штаттарынын жалган Тынчтык планы болгон кылымдын келишими да жокко чыгарылгандыгын айтты.

Насраллах ошондой эле: «Ливандагы каршылык көрсөтүү (Хизбуллах) даярдык жагынан абдан жакшы. Ливанга баа берүүдө жаңылбаңыз»,-деди.

Ошол эле учурда Израилдин аймактан чыгып кетишинин 21 жылдыгын белгилөө үчүн Хизбуллахтын тарапкерлери демонстрация өткөргөн Ливандын түштүгүндө Израилдин аскерлери көздөн жаш агызуучу газ гранаталарын ыргытышты.

Чек арадагы Эль-Адейсе шаарына ыргытылган төрт көздөн жаш агызуучу газ гранатасы аймактагы адамдардын муунушуна себеп болду.



Тектеш кабарлар