Ян Кубиш Ливияда шайлоону мурунку чечим кабыл алынган күнү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи

Ливиянын Президенттик Кеңешинин Басма сөз кызматынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүгө ылайык, Кубиш борбор шаар Триполиде Президенттик Кеңештин төрагасынын орун басары Муса ал-Кони менен жолугушту.

1645794
Ян Кубиш Ливияда шайлоону мурунку чечим кабыл алынган күнү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи

 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ливия боюнча атайын өкүлү Ян Кубиш Ливияда шайлоону мурунку чечим кабыл алынган күнү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ливиянын Президенттик Кеңешинин Басма сөз кызматынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүгө ылайык, Кубиш борбор шаар Триполиде Президенттик Кеңештин төрагасынын орун басары Муса ал-Кони менен жолугушту.

Жолугушууда «шайлоону уюштурууга көңүл буруп, чыныгы улуттук элдешүүгө багытталган ишти улантуунун» маанилүүлүгүн белгилеген БУУнун өкүлү Кубиш, буга чейин Улуттук шайлоо комиссиясы тарабынан көрүлүп жаткан даярдыктарга канааттангандыгын билдирди.

Президенттик Кеңеш ар тараптуу улуттук жарашууга жетишүү жана шайлоону макулдашылган күнү өткөрүү боюнча ишин улантып жаткандыгын белгилеген Муса аль-Кони, Ливиянын Саясий диалог форумун эркин шайлоону кепилдөөчү конституциялык негиздеги келишимге чакырды.

БУУнун карамагында ар кандай саясий жана социалдык катмарлардын өкүлү болуп шайланган 75 адамдан турган Ливиянын саясий диалог форуму,  2021-жылдын 24-декабрында өлкөдө парламенттик шайлоону өткөрүүнү чечти. Мындан тышкары, шайлоонун конституциялык негизин талкуулоо үчүн «Саясий диалог форумунун укуктук комитети» түзүлдү.



Тектеш кабарлар