Мансур: «Палестина элин колдобогон БУУ КК билдирүүсүнө муктаждык жок»

Палестинанын БУУдагы (БУУ) туруктуу өкүлү Рияд Мансур БУУнун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ КК) Палестина элин колдобогон билдирүүсүнө муктаждык жок экенин билдирди.

1643934

Мансур өз билдирүүсүндө, «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Палестина элине кол салуу токтогондон кийин Кудстагы, Акса мечитиндеги, Шейх Жеррах районундагы жана башка оккупацияланган Палестина жерлериндеги биздин элди колдобогон билдирүүсүнө муктаждык жок»,деген баасын берди.

Бир аз убакыт мурун БУУнун Коопсуздук Кеңеши биргелешкен билдирүү жасап, Израиль менен ХАМАСтын ортосунда жетишилген ок атышпоо келишимин толук сактоого чакырган.

Билдирүүдө 11 күндүк кризистен кийин жетишилген ок атышпоо келишимине канааттануу билдирилди.

Курчоого алынган Газа тилкесине 10-майда Израиль баштаган чабуулдар ХАМАС менен ок атышпоо келишимине ылайык, 21-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 02: 00дө аяктады.

Израиль армиясынын Газа тилкесине жасаган кол салууларында  66 бала жана 39 аялдан турган 248 палестиналык шейит болуп, 120 миңден ашуун адам үйлөрүнөн жер которууга аргасыз болушту.

Тектеш кабарлар