АКШнын мамлекеттик катчысы Бликен Палестинанын мамлекет башчысы менен сүйлөштү

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өлкөсүнүн Газага карата гуманитардык жардам жиберүү жана Израилдин кол салууларында олутуу зыян тарткан жана блокада астындагы шаардын кайрадан курулушуна салым коршорун белгиледи.

1643619
АКШнын мамлекеттик катчысы Бликен Палестинанын мамлекет башчысы менен сүйлөштү
Mahmud Abbas.jpg

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өлкөсүнүн Газага карата гуманитардык жардам жиберүү жана Израилдин кол салууларында олутуу зыян тарткан жана блокада астындагы шаардын кайрадан курулушуна салым коршорун белгиледи.

Палестинанын мамлекет башчысы Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшкөн АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен аймактагы  акыркы абалдарга октолду.

АКШнын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Блинкен менен Абас Израиль менен Хамастын ортосунда түзүлгөн ок атышпоодон кубанычтуу экендерин билдирди жана ок атышпоонун сакталышы тууралуу аракеттерди карап чыгышты.

Маалыматта : «Мамлекеттик катчы Блинкен Газага чукул гуманитардык жардамдын берилиши, шаарга эл аралык колдоонун мобилизацияланышы жана Газаны кайрадан куруу аракеттеринде АКШнын Палестина башкаруусу жана БУУ менен иш алып баруусуна караштуу экендиги баса белгиленди»,- деп билдирилди.

Бир тараптан Фатх кыймылынын борбордук комитетинин мүчөсү Хүсейин еш  -  Шейх да твиттерден берген маалыматында Блинкендин Аббас менен сүйлөшүүсүндө  аймакта болгон акыркы абалдар жана Хамас менен Израилдин ортосунда түзүлгөн ок атышпоонун да талкуулангандыгын белгиледи.

Еш  - Шейх сүйлөшүүдө Аббастын Израилдин Кудс жана Батыш Шериадагы палестиналыктарга карата кол салууларынын токтошу жана Газанын кайрадан курулушу керектигине токтолгондугун билдирди. Аббас оккупацияны акырына чыгара турган саясий процесстин дароо баштатылышы керектигин да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар