Японияда Модерна жана AstraZenecaнын вакциналарына уруксат берилди

Япония Модернадан 50 миллион, AstraZenecaдан 120 миллион, Pfizerден 194 миллион доза вакцина сатып алуу боюнча келишим түздү.

1642951
Японияда Модерна жана AstraZenecaнын  вакциналарына уруксат берилди

Япония дары өндүрүүчү Модерна менен AstraZenecaнын коронавирус вакциналарын колдонууга уруксат берди.

Киодо агенттигинин кабарына караганда өкмөт колдонууга уруксат  берген Ковид  - 19  вакцина саны үчкө жогорулады.

Өкмөт АКШнын Модерна жана Британия  -  Швециянын AstraZeneca вакциналарынын колдонулушуна уруксат берди.

Калктын 4 пайызы  бир дозадан эмдөөдөн өткөн Японияда Pfizer-BioNTech вакцинасына расмий түрдө февраль айында уруксат берилген.

Киодо агенттиги Япониянын 126 миллион калкынын  ушул кезге чейин 4 пайызынын гана бир дозадан вакцина алгандыгын, бул ОЕСД өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөнкү катнаш  экендигин билдирди.

Япония Модернадан 50 миллион, AstraZenecaдан 120 миллион, Pfizerден 194 миллион доза вакцина сатып алуу боюнча келишим түздү.

Өлкөдө бул жылдын биринчи жарымына чейин жалпы калкты вакцина менен камсыздоону аяктоо максаты коюлган.



Тектеш кабарлар