ДСУ : "Вакциналар варианттарга карата таасирдүү бирок саякаттар коркунучтуу"
Ханс Клюге : «Туура багытта бара жатабыз. Бирок этият болуубуз керек. Айрым өлкөлөрдөн ылдам түрдө коркунучтуу жанданууларды көрүшүбүз мүмкүн. Эпидемия али бүтө элек».
ДСУ азыркы учурда Европада эпидемия менен күрөшүүдө колдонулуп жаткан Ковид - 19 вакциналарынын бардык варианттардан коргой аларын бирок эл аралык саякаттардын жаңы бир толкун жаратышы мүмкүн экени боюнча эскертти.
Уюмдун Европа аймактык директору Ханс Клюге : «Ушул кезге чейин ортого чыккан бардык Ковид - 19 вирусунун варианттары бар, уруксат берилген вакциналарга жооп берүүдө»,- деди. Клюге вакциналоо жана инфекция текшерүү чараларынын илдеттин жайылуусун алдына алууга жардам берерин баса белгиледи.
Саламаттык сактоо жетекчилеринин Индияда ортого чыккан бир вариант себеп болгон Ковид - 19 аймагында көбөйүп жаткан бейтап саны тууралуу даяр болуу керектигин айтты.
Клюге : «Туура багытта бара жатабыз. Бирок этият болуубуз керек. Айрым өлкөлөрдөн ылдам түрдө коркунучтуу жанданууларды көрүшүбүз мүмкүн. Эпидемия али бүтө элек»,- деди.
Коронавирус эпидемиясына каршы процесс алсыз болгондуктан, Клюге эл аралык саякаттан да алыс болуу керектигин айтты.