Францияда экологдор өкмөттүн климаттык саясатына каршылык көрсөтүштү

Франциянын борбору Парижде экологдор президент Еммануэль Макрон өкмөтүнүн климаттык саясатына каршы чыгышты.

1637057
Францияда экологдор өкмөттүн климаттык саясатына каршылык көрсөтүштү

Франциянын борбору Парижде экологдор президент Еммануэль Макрон өкмөтүнүн климаттык саясатына каршы чыгышты.

Sputnik билдиргендей,  Республика аянтына чогулган активисттер Опера аянтына карай жүрүштү.

Макрон өкмөтүнүн билимге каршы жаңылыш жолдо экендигин айткан экологдор өкмөттүн климаттык мыйзамна ишенбегендерин жана өздөрүн алдай албай тургандарын белгиледи. Митингге чыккандар Макронду кызматынан кетүүгө чакырып «Жашай турган дүйнөнү каалайбыз» деген ураандар менен жүрүштү.

Өкмөттүн экологиялык чукул кырдаалдан баш тартканын белгилеген митингчилер өкмөттүн позициясын айыптап, келечектеги кыйынчылыктарга каршы биригүү үчүн жөө жүрүшкө чыгышканын билдиришти.

Митигге чыккандар жүрүштөн кийин  эч кандай жаңжалсыз тарашты.



Тектеш кабарлар