Израиль полициясынын палестиндерге кийлигишүүсү

Хареми-и Шарифтеги таңкы намаздан кийин жүздөгөн адамдар Кыбыла мечити менен Сахра куполунун ортосунда чогулушту жана Палестина менен Хамастын желектерин көтөрүштү.

1636752
Израиль полициясынын палестиндерге кийлигишүүсү

Эртең мененки намаздан кийин Израиль полициясынын Аль-Акса мечитиндеги жамаатка желим октор жана үн гранаталары менен кийлигишүүсүнөн 10 адам жаракат алды.

Хареми-и Шарифтеги таңкы намаздан кийин жүздөгөн адамдар Кыбыла мечити менен Сахра куполунун ортосунда чогулушту жана Палестина менен Хамастын желектерин көтөрүштү.

Жүздөгөн адамдар «Жаныбыз, каныбыз сен үчүн жумшалсын эй Акса» жана «Баарыбыз Шейх Жеррахпыз» (Израилдин айрым палестиналыктарды үйлөрүнөн кууп чыгарууну каалаган Чыгыш Кудстун районунун аты) деп ураан чыкырып, андан ары Аксанын Арстандуу каалга жана Хутта каалгасын көздөй басышты.

Ушул эки дарбазанын жанында күтүп турган Израиль полициясы Аль-Акса мечитинен чыгып бараткан жамаатка желим октор жана үн гранаталары менен кийлигишти.

Палестина жаштары полицияга таш жана бөтөлкө ыргытып жооп кайтарышты.

Палестина Кызыл Жарым Айынын билдирүүсүнө ылайык, кийлигишүү учурунда 10 палестиналык желим октон жаракат алды.

Израиль полициясы ошондой эле Палестинанын айрым жаштарын кармап кетти.

Жарым сааттай кийлигишүүдөн кийин абал тынчыды.

Кечээ Кудста Израиль полициясынын палестиналыктарга карай кийлигишүүсүнөн 90 адам жаракат алды жана Палестина Кызыл Жарым Айы жаракат алгандардын арасында бир жаштагы ымыркай жана балдар бар экендигин жарыялады.

Мурунку күнү Израиль полициясынын Акса мечитине кирип барып кийлигишүүсүнөн 205 палестиналык жаракат алган.



Тектеш кабарлар