Колумбиядагы демонстрацияларда каза тапкандардын саны 24кө жетти

Нааразычылыктын чордонуна айланган борбор шаар Боготадагы тарыхый Боливар аянтына бараткан демонстранттар колундагы девиз жана баннерлер менен ыр ырдашып, өкмөттүн экономикалык саясатына дагы бир жолу каршылык көрсөтүштү.

1634946
Колумбиядагы демонстрацияларда каза тапкандардын саны 24кө жетти

Колумбияда 7 күндөн бери уланып келе жаткан салык реформасына каршы массалык демонстрацияларда өмүрүнөн айрылгандардын саны 5ке көбөйүп 24кө жетти, жаракат алгандардын саны 900дөн ашты.

Нааразычылыктын чордонуна айланган борбор шаар Боготадагы тарыхый Боливар аянтына бараткан демонстранттар колундагы девиз жана баннерлер менен ыр ырдашып, өкмөттүн экономикалык саясатына дагы бир жолу каршылык көрсөтүштү.

Демонстранттардын айрым топтору Улуттук Конгресстин имаратына таш менен кол салган соң, полиция демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ жана суу чачып кийлигишти.

Митингчилер өлкөнүн башка шаарларында да көчөгө чыгышты.

Америкалык Адам укуктары боюнча комиссиясы окуялар боюнча билдирүү таратып, демонстранттарга каршы полиция тарабынан ашыкча күч колдонулушун айыптады.

Колумбиянын Акыйкатчы институту нааразычылык акциялары башталгандан бери өлкө боюнча 89 дайынсыз жоголгон адамдар жөнүндө билдирүү алгандыгын жарыялады.

Президент Иван Дюк өз билдирүүсүндө, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен диалог жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.

Колумбияда 28-апрелде профсоюздар, жергиликтүү жамааттар, студенттик топтору жана ар кандай оппозициялык топтор «улуттук иш таштоого» чакыруу менен Салык реформаларына каршы демонстрацияларды баштаган.



Тектеш кабарлар