Туркович: «Түркиянын Балкан өлкөлөрүндө конструктивдүү жана турукташтыруучу ролу бар»

Мевлүт Чавушоглу менен Түркович бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

1634500
Туркович: «Түркиянын Балкан өлкөлөрүндө конструктивдүү жана турукташтыруучу ролу бар»

Босния-Герцеговинанын тышкы иштер министри Бисера Туркович, Түркиянын Балкан өлкөлөрүндө конструктивдүү жана турукташтыруучу ролу бар экендигин билдирди.

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн кечээ Босния-Герцеговинага барган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Түркович бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Туркович коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүүдө вакцина колдоосу үчүн Түркияга жана түрк элине ыраазычылыгын билдирип: «Оор күндөрүбүздө жардам чакырыктарыбызды чыныгы досторубуз гана угушат»,-деди.

Босния-Герцеговинанын өнүгүшү жана туруктуулугунун жалпы аймак үчүн маанилүү экендигин баса белгилеген Туркович: «Түркиянын аймакта конструктивдүү жана турукташтыруучу ролу бар. Түркия Босния-Герцеговинанын аймактык бүтүндүгүн гана колдобостон, ошол эле учурда Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүгүбүзгө да колдоо көрсөтүүдө», деп айтты.

Түркиянын НАТО менен кызматташтыкта ​​Босния-Герцеговинанын эң маанилүү өнөктөшү экендигин баса белгилеген Туркович: «Түркия Босния-Герцеговинанын маанилүү тышкы соода өнөктөшү. Эки өлкөнүн ортосунда акыркы мезгилдерде көбөйүп жаткан экспорттук көрсөткүчтөрүбүз кубандырат»,-деди.

Туркович Чавушоглу менен ыйзамсыз иммиграция, коопсуздук жана маданият сыяктуу көптөгөн маселелерди  да карап чыккандарын белгилеп: «Түркия менен карым катнаштардын Босния-Герцеговинаны күчтөндүрө турганына ишенебиз жана өлкөдө жашаган бардык элдердин кызыкчылыгына жооп берет», деп баа берди.



Тектеш кабарлар