Жер симуляцияда астероид менен кагылышты

Астероиддердин көпчүлүгү радардын астында учкандыктан көпчүлүгү абдан кеч аныкталууда.

1633812
Жер симуляцияда астероид менен кагылышты

Эгерде бир астероид жер менен кагылыша турган болсо аны алдына ала турган технология жок.

Жердин бир астероидге каршы чарасыз симуляцияда экендиги ортого чыкты.

АКШ жана Европа космостук агенттиктеринен бир группа адис АКШ Улуттук авиация жана космостук мекемеси НАСАнын лидерлигинде бир жумага созулган гипотезалык сценарий менен даярдалган симуляцияга катышты.

Симуляция сценарийинде 35 миллион чакырым алыстыктагы жерге бир астероид жакындап келе жаткан жана алты ай ичинде жер менен кагылышы мүмкүн.

Адистер астероиддин көлөмү, орбитасы жана таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө бардык эсептөөлөрдү жүргүзүштү.

Симуляциянын алты айлык алкагы эске алынып, учурдагы технологиялардын эч биринин жер менен астероиддин кагылышуусуна  тоскоол боло албасы аныкталды.

Бул альтернативдик чындыкта астероид Чыгыш Европага келип урунду. Азырынча билинген эч бир астероид жер үчүн коркунуч туудура элек. Бирок 140 метр же дагы чоң астероиддердин болжол менен үчтөн эки бөлүгү азырынча ачыла элек. Ушул себептен НАСА жана башка мекемелер ушундай абалдарга даярданууга аракет кылууда.

Астероиддердин көпчүлүгү радардын астында учкандыктан көпчүлүгү абдан кеч аныкталууда.



Тектеш кабарлар