Нигериянын мамлекет башчысы Бухари АКШга чакыруу салды

Нигериянын президенти Мухаммед Бухари АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен онлайн режимде сүйлөштү.

1629896
Нигериянын мамлекет башчысы Бухари АКШга чакыруу салды

Нигериянын мамлекет башчысы  Мухаммед Бухари АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен онлайн режимде сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Африкадагы коопсуздук окуяларынын көбөйүп бараткандыгын белгилеген Бухари, АКШдан Африка Күчтөрү AFRICOMдун штабын Германиянын Штутгарт шаарынан Африкага көчүрүүнү суранды.

Коопсуздук маселелери менен күрөшүүдө Нигерия жана Батыш Африка өлкөлөрү үчүн эл аралык коомдордон колдоо суранган Бухари : «Нигериядагы коопсуздук маселелери биз үчүн абдан чоң тынчсыздануунун булагы. Сахел, Борбордук жана Батыш Африка менен бирге Чад көлү аймагындагы баш  - аламандыктар бизге тескери таасирин тийгизүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар