НАСА жана Spacex космонавттарынын жерге кайтып келиши кечеңдетилди
Космонавттарды ташыган спутник коно утрган Флоридада деңиз шамалынын ылдамдыгнын жогору экендиги билдирилди.
1630211
АКШнын Авиация жана космостук агенттиги НАСА эл аралык космостук станциясындагы 4 космонавтты жерге алып келе турган Crew Dragon спутнигинин бүгүнкүгө пландалган учушунун кечеңдетилгендигин билдирди.
НАСАнын билдирүүсүндө, америкалык астронавттар Майкл Хопкинс, Виктор Гловер жана Шеннон Уолкер менен Япониянын Космос изилдөө агенттиги JAXAнын космонавты Сойчи Ногучини жерге алып келе турган спутниктин ишинин аба ырайынын начар шарттарына байланыштуу 30-апрелге кечеңдетилишине чечим чыгарылгандыгы маалымдалды.
Билдирүүдө, деңиз шамалынын ылдамдыгы космонавттарды ташыган спутниктин конуусу пландалган Флорида жакындарында деңиз шамалынын ылдамдыгынын стандарттуу шарттардан жогору өлчөнгөндүктөн ушундай чечим кабыл алынгандыгы билдирилди.