Болгарияда кабинет түзүү аракети экинчи жолу ийгиликсиз болду

Ушундай эл бар» партиясы премьер  - министрликке талапкер көрсөткөн шахмат чемпиону Антоанета Стефанова президент Румен Радевден алган өкмөттү куруу милдетин дароо кайра тапшырды.

1629893
Болгарияда кабинет түзүү аракети экинчи жолу ийгиликсиз болду

4 - апрелде Болгарияда өткөн парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинетин түзүү аракети экинчи жолу ийгиликсиз болду.

240 кишилик парламентте 51 мүчөлүү экинчи эң чоң топко ээ тамашоучу Слави Трифоновдун «Ушундай эл бар» партиясы премьер  - министрликке талапкер көрсөткөн шахмат чемпиону Антоанета Стефанова президент Румен Радевден алган өкмөттү куруу милдетин дароо кайра тапшырды.

Стефанова : «Биз «Ушундай эл бар» партиясы катары принципсиз коалицияларга кирүү ниетинде эмеспиз»,- деди.

Трифонов кечээ социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүсүндө,  партиясынын парламенттеги башка фракциялардан шартсыз колдоо ала албагандыгын жана бул чөйрөдө ыктымалдуу бир өкмөттү түзүү аракетинин "саясий суицид" болорун билдирген.

 «Ушундай эл бар» партиясынан мурда парламентте 75 кишилик топ менен эң чоң группаны түзгөн мурунку премьер  - министр Бойко Борисов лидери болгон ГЕРБ партиясы да кабинет түзүүдө ийгиликсиз болгон.



Тектеш кабарлар